Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты

Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты

Бүгүн Башкы прокурор Максат Асаналиев Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты жана анын айланасындагы аймак менен таанышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө кызматтын жетекчилиги аткаруу өндүрүшүн уюштуруу, жарандарды кабыл алуу тартиби жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана маалыматтык системаларды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтылды.

Башкы прокурор имараттагы кызматкерлер үчүн түзүлгөн иш шарттары жана жарандарга ыңгайлуу кабыл алуу инфраструктурасы менен таанышып, кызматтын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган. "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселелерине арналган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө каттоону сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Келечектүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо тартиби жөнүндө" буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Бул программа президенттин жарлыгы менен бекитилген. Долбоор инновациялык долбоорлорду тандоо жана колдоо үчүн, ошондой эле министрликтин