Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду.

Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө шарт түзгөн бирдиктүү жалпы улуттук санариптик экотутумдун иштешинин укуктук негиздерин аныктайт.

Токтомго ылайык, Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси Улуттук санарип экотутумдун алкагында күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталды. Аталган мекеме катышуучулардын санарип ресурстарын “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү системасына кошуу үчүн коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын жана санарип кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берет.

Мындан тышкары, документ Улуттук экосистеманын субъекттерин (катышуучуларын), алардын укуктары менен милдеттерин, экосистеманын объекттерин, аларды Улуттук экосистеманын санариптик реестрине киргизүүнүн тартибин жана реестрди жүргүзүүнүн эрежелерин аныктайт.

Жобо ошондой эле “Түндүк” системасы аркылуу катышуучулардын санариптик өз ара аракеттенүүсүнүн эрежелерин, мамлекеттик кызмат көрсөтүү Фабрикасынын иштөө принциптерин жана архитектурасын, ошондой эле катышуучулар ортосундагы талаштарды жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуучуларынын даттанууларын кароонун тартибин камтыйт.

Бул чечим өлкөдө санариптик башкарууну өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана маалымат алмашуунун бирдиктүү санариптик инфраструктурасын түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен