Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Келечектүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо тартиби жөнүндө" буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Бул программа президенттин жарлыгы менен бекитилген.

Долбоор инновациялык долбоорлорду тандоо жана колдоо үчүн, ошондой эле министрликтин алдындагы инновациялык борбордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн нормативдик негиз түзүүгө багытталган.

Долбоорго ылайык, келечектүү технологиялар жана иштеп чыгуулар конкурстук негизде тандалат. Түшкөн арыздар эксперттик баалоодон өтөт. Анда адистер төмөнкү көрсөткүчтөрдү талдашат:

  • долбоордун технологиялык даярдык деңгээли
  • инновациялуулугу
  • практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгү
  • масштабдоо потенциалы
  • күтүлгөн социалдык-экономикалык таасири

Иштеп чыгууларды баалоо үчүн илим, технология, ишкердик жана инновациялар тармагындагы адистерден турган эксперттик комиссия түзүлөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы тартипти киргизүү:

  • илимий-техникалык жана коммерциялык потенциалы жогору долбоорлорду аныктоого
  • прототиптерди иштеп чыгуу процессин өнүктүрүүгө
  • илимий иштеп чыгууларды экономикага тезирээк киргизүүгө жардам берет.

Ошондой эле:

  • илимий уюмдардын жана жогорку окуу жайларынын патенттик ишмердүүлүгүн активдештирүү,
  • жеке инвестицияларды тартуу,
  • технологиялык ишкердикти өнүктүрүү пландалууда.

Конкурстук тандоодон өткөн долбоорлорду каржылоо үчүн министрликтин республикалык бюджетинде 2 млн сомго чейин каражат каралган.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media