Кыргызстан менен “Airbus Europe” авиация тармагында кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен “Airbus Europe” авиация тармагында кызматташууну кеңейтет

Президент Садыр Жапаров 5-мартта “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье жана “BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандык авиация тармагын өнүктүрүү, жаңы учактардын эсебинен авиациялык паркты кеңейтүү жана тармактагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы “Airbus Europe” менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгилеп, бүгүн кол коюлган келишим өлкөнүн авиациясын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтты.

Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөдө авиация тармагы активдүү өнүгүп жатат. Аэропорттордун инфраструктурасы жаңыланып, аймактык каттамдар кеңейүүдө. Буга чейин толук кандуу 4 аэропорт иштесе, учурда 11 аэропорт иштеп жатат, ал эми Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу уланууда.

Мындан тышкары, Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча “кара тизмесинен” чыгуу процессинин акыркы баскычында турат. Акыркы аудит ушул айга пландалган.

“Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье Кыргызстандагы авиация тармагындагы оң өзгөрүүлөргө жогору баа берип, компания авиацияны модернизациялоо жана коопсуздукту жогорулатуу багытында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле транспорт жана логистика тармагында да узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Ал эми “BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст Кыргызстан сатып алып жаткан учактар эл аралык стандарттарга толук жооп берерин белгилеп, жаңы учактарды иштетүү боюнча адистер өлкөгө келип колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы Ош эл аралык аэропортунда аныкталган. Такталган маалымат боюнча, өлкөгө жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын буюмдар — шакек, сөйкө жана чынжырлар коштоочу документтерсиз

Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты

Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты

Бүгүн Башкы прокурор Максат Асаналиев Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты жана анын айланасындагы аймак менен таанышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө кызматтын жетекчилиги аткаруу өндүрүшүн уюштуруу, жарандарды кабыл алуу тартиби жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

24-февралда Ош шаарында, ал эми 2-мартта Бишкек шаарында швейцариялык "Аракет" долбоорунун алкагында бизнес-идеялар сынагынын финалдык этаптары өттү. Сынактын негизги максаты — Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалган жаңы конуштарда жашаган аялдарды колдоо жана алардын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Тандоонун жыйынтыгында: * Бишкекте 11 аял, * Ошто 5 аял

Сот аткаруучулары карызкордон  2,4 млн сом өндүрүштү

Сот аткаруучулары карызкордон 2,4 млн сом өндүрүштү

Бишкек шаарынын сот аткаруучулар кызматынын Бишкек шаарындагы Свердлов райондук бөлүмүндө К.Н. аттуу карызкорго карата салык карызын өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшү болгон. Маалыматка ылайык, карыз Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын пайдасына өндүрүлүшү керек болчу. Кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, мажбурлап аткаруу чараларынын жыйынтыгында карыз толугу менен өндүрүлдү. Жалпы