Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматты Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды.

Ага ылайык, долбоор пандемиялык коркунучтарга каршы туруктуулукту күчөтүүгө, саламаттык сактоо, ветеринария жана экология тармактарын өнүктүрүүгө, ошондой эле азык-түлүк тутумунун туруктуулугун жана биоартүрдүүлүктү сактоого багытталган.

Макулдашууга ылайык, долбоорду ишке ашырууга 30 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыя жана 1,79 млн доллар грант каралган. Насыялык каражаттар 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен жана үстөк пайызсыз берилет.

Ошондой эле жыйында Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору да үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул документ балык уулоо жаатындагы субсидиялар боюнча макулдашуунун күчүнө кириши үчүнмамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстандан келген 80 миңден ашык көчөт чек арадан өткөрүлгөн жок

Өзбекстандан келген 80 миңден ашык көчөт чек арадан өткөрүлгөн жок

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусундагы башкармалыгы 80 520 даана көчөттү өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-мартында "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстан Республикасынан импорттолуп келген көчөттөр

Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон

Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин коллегиясында агроөнөр жай тармагындагы экспорттук операциялардын динамикасы талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Жоомарт Сапарбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 1 трлн 382 млрд сомду (15,8 млрд АКШ

Инвестициялар агенттиги Дүйнөлүк банк менен МЖӨ долбоорлорун талкуулады

Инвестициялар агенттиги Дүйнөлүк банк менен МЖӨ долбоорлорун талкуулады

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолугушту. Делегацияны инфраструктураны каржылоо боюнча улук адис Адити Райна жетектеди. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын консультанты Эркин Асрандиев да катышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Жолугушууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибижана бюджеттик колдоону баалоо методологиясынын долбоорлору

ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды. Протоколго ылайык, "Камышановка — автожол&