ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматты Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды.

Протоколго ылайык, "Камышановка — автожол" өткөрүү пунктунун аталышы "Төмөнкү Чүй — автожол" болуп өзгөртүлүп, анын макамы эл аралык деңгээлге көтөрүлөт жана иштөө режими сутка бою иштөө тартибине өткөрүлөт. Ошондой эле "Кичи-Капка — автожол" өткөрүү пункту да эл аралык макамга ээ болот.

Депутаттар талкууда чек арадагы кыйынчылыктар жана экспортчулар туш болгон маселелерди да көтөрүштү.

Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы реадмиссия тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен