Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон

Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин коллегиясында агроөнөр жай тармагындагы экспорттук операциялардын динамикасы талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрликтин эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Жоомарт Сапарбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 1 трлн 382 млрд сомду (15,8 млрд АКШ доллары) түзүп, анын 18%ы экспортко туура келген.

Ошондой эле айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 186,1 млрд сомду, ал эми агроөнөр жай продукциясынын экспорту 33 млрд сомду түзүп, жалпы экспорттун 13,3%ын камсыздаган. Анын ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 24,1 млрд сомду, өсүмдүк өстүрүү тармагы 7 млрд сомду, ал эми мал чарбасы 1,86 млрд сомду түзгөн.

Коллегияда белгиленгендей, экспорттун өсүшү жаңы кайра иштетүүчү ишканалардын ишке кириши, өндүрүштөрдүн модернизацияланышы жана мамлекеттик колдоо чаралары менен байланыштуу.

Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын негизги рыногу Россия Федерациясы бойдон калууда. Ошондой эле Казакстан жана Өзбекстанга ташып жеткирүүлөр туруктуу жолго коюлган.

Акыркы беш жылда Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө 60тан ашуун товардык позиция боюнча 202,6 млрд сомдук продукция экспорттогон. Мындан тышкары Кытай менен фитосанитардык жана ветеринардык кызматташтык жанданып, 17 протоколго кол коюлган. Анын алкагында гилас, коон, жүзүм, фасоль, жүгөрү жана кургатылган жемиштерди экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Министрлик алдыдагы негизги багыттар катары экспорттун географиясын кеңейтүү, экспорттоочу ишканалардын реестрин көбөйтүү жана жаңы протоколдорго кол коюуну белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 30-октябрда мекемеден маалымдады. Негизги багыттардын бири — Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Маалыматка караганда, кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын

Ишкер Media