Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Каракол шаардык бөлүмүндө мамлекеттик насыя боюнча карызды өндүрүү тууралуу аткаруу өндүрүшү жүргүзүлгөн.
ЖЧКсы компаниясынын негиздөөчүсү ишкер О.М.Ж. карызкор катары көрсөтүлгөн.
Аткаруу баракчасы Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде келип түшкөн. Чечимге ылайык, карызкордон 14 млн 270 миң сом Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын пайдасына өндүрүлүшү керек болчу.
Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө 2026-жылдын 3-мартында карыз толугу менен төлөнүп, соттун чечими толук аткарылды.