Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин активдүү улантууда. Иштер 2026-жылдын 10-мартына караган түнү башталган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Шаардын көчөлөрүн тазалоо иштерине бир катар атайын техникалар тартылды. Тактап айтканда, жолдордо 32 даана МАЗ кум-туз чачуучу унаа, 10 даана Shacman кум-туз чачуучу унаа, 1 фронталдык жүктөгүч, 1 экскаватор, 32 даана "Беларусь" трактору, ошондой эле 5 даана универсалдуу коммуналдык машина (УКМ)иштеп жатат.

Мындан тышкары, тазалоо иштерине 20 жол жумушчусу жана 1000ден ашуун санитардык тазалоо кызматкери тартылган. Ал эми жолдордо муз пайда болуусунун алдын алуу максатында иштер башталгандан бери 581 тонна техникалык тузколдонулду.

Белгилей кетсек, шаар көчөлөрүн кардан тазалоо жана жолдорго туз себүү иштери учурда да үзгүлтүксүз улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кайталап мыйзам бузган импорттоочуларга жазалар кандай?

Кайталап мыйзам бузган импорттоочуларга жазалар кандай?

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып кирүүдө кайталап мыйзам бузуу болгон учурда чектөө чаралары колдонуларын салык төлөөчүлөргө эскерткенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эгер календардык жыл ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүгө байланыштуу үч жолу мыйзам

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө  алардын ичинен сегизи— согуштун түз катышуучулары. Аймактар боюнча: Бишкек — 4; Чүй облусунун Жайыл району — 2; Нарын

Кочкор районунун заманбап автобекети жыл аягында пайдаланууга берилет

Кочкор районунун заманбап автобекети жыл аягында пайдаланууга берилет

Былтыр башталган Кочкор районунун заманбап автобекети ушул жылдын аягында пайдаланууга берилет. Жаңы автобекет ишке кирсе, райондун борбордук көчөсүндөгү унаалардын башаламан кыймылы жөнгө салынат. Бүгүнкү күндө ички жана тышкы каттамда иштеген таксилер ой келди көчө боюн ээлеп турса, эми алардын баары жаңы бекетке киргизилет. Курулуш объектисинин прорабы Аралбек Осмоновдун айтымында, автобекеттин

Ош шаарында 100 иш орундуу жаңы кондиционердик цех ачылды

Ош шаарында 100 иш орундуу жаңы кондиционердик цех ачылды

Ош шаарында "Мадина" аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке киргенин муниципалитеттен билдиришти. Ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сом колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү.  Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт. Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков,