Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды
Бишкекте УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди кармаганын укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянуу менен ЖМКлар маалымат чыгарышты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-депутатка карата учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоонун чоо-жайы жана мүмкүн болгон айыптар азырынча тактала элек.
Булактардын маалыматына ылайык, ал коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен айыпталууда. Мунун алдында социалдык тармактарда Конгантиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү жана анын мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы тууралуу маалыматтар тараган.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Конгантиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карап чыгып, анын мандатын токтоткон.