Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу бир катар макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасы Бенилюкс мамлекеттери, Словения, Оман Султанаты жана Мисир Араб Республикасы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялады. Бул келишимдер дипломаттык, кызматтык жана айрым учурда атайын паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотууну карайт.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 18-июнунда Брюсселде Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы макулдашууга кол коюлган. Ошондой эле 2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында Словения менен, 25-сентябрында Нью-Йоркто Оман Султанаты менен, ал эми 4-ноябрда Каирде Мисир Араб Республикасы менен тиешелүү макулдашууларга кол коюлган.

Талкуу маалында депутаттар өлкөнүн тышкы байланыштарын кеңейтүү үчүн дипломатиялык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстандын бардык жарандары үчүн визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди күчөтүү керектигин айтышты.

Бул макулдашуулар дипломатиялык кызматкерлердин иш сапарларын жеңилдетүүгө жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди. Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду. Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ААКсы өлкөнүн ишкерлерин колдоо багытында иштеп баштагандан бери берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Фонддун тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө бул көрсөткүч 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп келген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук 98,22%ды түздү.

Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери

Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери

Кардар менен банк ортосунда пикир келишпестик жаралганда көпчүлүк жарандар кайда кайрылуу керектигин жана өз укуктарын кантип коргоону так биле беришпейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы арыз-даттанууларды кароо тартиби кандай иштей турганын жана кандай учурларда жөнгө салуучу орган банк менен кардардын ортосундагы талашка кийлигише аларын түшүндүрүп берди.  Биринчи кадам – түздөн-түз