Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди.

Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду.

Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен макулдашуу аркылуу пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катыша алышат.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, пилоттук долбоордун оң жыйынтыктары катышуучулардын тизмесин кеңейтүүгө негиз болгон.

Учурда долбоорго коомдук тамактануу жайлары, мейманканалар жана май куюучу станциялар дагы катышууда. Долбоор башталгандан бери 798 ишкердик субъект кошулуп, алар 955 коомдук тамактануу жайынкамтып, жалпы 1 миң 190 кассаны колдонууда.

Белгиленгендей, фискалдык программалык камсыздоого кошулганга чейин ишканалардын орточо күнүмдүк кирешеси 105,3 миң сомду түзсө, азыр бул көрсөткүч 213,1 миң сомго чейин өстү. Өсүү темпи 202,1%дытүздү.

Салык кызматы бул көрсөткүчтөр фискалдык программалык камсыздоону киргизүүнүн оң таасирин жана эсептешүүлөрдүн ачык-айкындуулугунун жогорулаганын көрсөтөрүн белгилейт.

Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү салыктык башкарууну санариптик трансформациялоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ал финансылык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканы азайтууга жана бизнес жүргүзүү үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media
Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады. Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.

Ишкер Media
Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media