УКМКнын төрагасы бизнести кысымдан коргоону убада кылды
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков өлкөдөгү бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушканын ведомствонун басма сөз борбору билдирди.
Жолугушуу 2026-жылдын январынан тартып президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен киргизилген ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу саясатын ишке ашыруунун алкагында өттү.
Атайын кызматтын жетекчиси өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бизнестин туруктуу иштешине, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салык базасын калыптандырууга түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай жолугушуулар мамлекет менен ишкерлердин ортосунда ачык диалог жүргүзүү үчүн аянтча болушу керек.
"Ак ниет бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети — тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Ошондуктан биз сиздердин ишмердүүлүгүңүздөргө негизсиз кийлигишүүнү көздөбөйбүз. Тескерисинче, эгер силерге кысым көрсөтүлсө, биз коргоого даярбыз. Жалгыз талап — ачык жана ак ниет иштөө", — деди Жумгалбек Шабданбеков.

Жолугушууда ишкерлер да өз сунуштарын айтышты. Айрыкча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу бизнес коомчулугун кеңири маалымдап туруу зарылдыгы белгиленди.
УКМК төрагасы ишкерлерге карата кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз аракеттер же административдик тоскоолдуктар болсо, алардын баары мыйзамдын негизинде катуу караларын айтты. Ошол эле учурда ал мыйзамсыз ишмердүүлүккө же кылмыштуу схемаларга аралашкан бизнес өкүлдөрү жоопкерчиликке тартыларын эскертти.