"Кыргызкөмүр" келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

"Кыргызкөмүр" келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

Кыргызстанда өткөн жылы беш көмүр кен жайы ачылды — 2024-жылы 3 көмүр кен жайы гана болгон. Бул тууралуу "Биринчи радио" эфиринде "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиев билдирди.

Анын айтымында, көмүр казууга болжол менен 30 лицензия берилген. Рустам Садыралиев бул уруксат берүүчү документтер Министрлер кабинетинин чечими менен берилерин эске салды.

Баткен облусунда Сүлүктү (11-талаа) жана Бешбурхан, Жалал-Абад облусунда Маркай, Нарын облусунда Торугарт, Ош облусунда Кожо-Көлөң кен жайлары ачылган. Бул участоктордон алынган көмүр адистер тарабынан сапаттуу деп бааланууда.

Бул беш кен жайдагы көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 133 млн тоннаны түзөт деп маалымдады "Кыргызкөмүрдүн" өкүлү.

Ал ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери азыртан башталганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Индиянын компаниялары менен энергетика жаатында кызматташат

Кыргызстан Индиянын компаниялары менен энергетика жаатында кызматташат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын алдыңкы компаниялары менен кызматташтыкты талкуулаганын ведомстводон маалымдашты. Жолугушуу Нью-Дели шаарында өткөн Bharat Electricity Summit 2026 саммитинин алкагында өттү. Ибраевдин индиялык ири компаниялар — KEC International, NHPC, NTPC жана CraticAI Services менен сүйлөшүүсүнөн кийин энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки меморандумга кол коюлду. Тараптар гидроэнергетиканы

Балдар тамак-ашы катары катталган айрым суусундуктарга акциз салыгы салынат

Балдар тамак-ашы катары катталган айрым суусундуктарга акциз салыгы салынат

Мамлекеттик салык кызматы ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган, балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөн алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгын салынарын билдирди. 2026-жылдын 1-январынан тартып кант, татымалдар же даам берүүчү, жыпар жыттуу кошулмалары бар жана ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган алкоголсуз суусундуктар (тактап айтканда, суулар, минералдык жана газдалган

Кытай жаңы 10 кичи спутникти орбитага чыгарды

Кытай жаңы 10 кичи спутникти орбитага чыгарды

Кытай жаңы топтогу 10 кичи спутникти орбитага ийгиликтүү чыгарганын Кытайдын аэрокосмостук илим-техника корпорациясына таянып Интерфакс маалымдады. Маалыматка ылайык, спутниктерди учуруу Шаньдун провинциясына караштуу Хайян шаарына жакын аймакта, деңиз платформасынан ишке ашырылды. Ар бир спутниктин салмагы болжол менен 100 кг болуп, алар 700 чакырым бийиктиктеги орбитага так жеткирилди. Бул аппараттар глобалдык

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россиянын бир катар аймактарында жаз башынан бери малды массалык түрдө союу жүрүп жатат. Фермерлердин айтымында, миңдеген уй, чочко, кой жана эчкилер бийлик тарабынан алынып, союуга жөнөтүлүүдө. Айрыкча Сибирь жана Поволжье аймактарында бул көрүнүш күчөп, жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Бийликтин бул аракеттери түшүнүксүз болуп жатканын, ал эми сунушталган компенсациялар жетишсиз