Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков иш сапарынын алкагында Нарын районунун Эмгекчил айылында жайгашкан мурдагы жарандык коргонуу объектисинин абалы менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен аталган жайда логистикалык борбор түзүү долбоору каралып жатат.

Долбоорду ишке ашыруу аймактагы айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. 

Белгилей кетсек, аталган имарат 1987-1989-жылдары курулган, жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. 640 адамга ылайыкталган бул объект 44 бөлмөдөн турат, анын ичинде 4 587 чарчы метрлик жертөлө жайлары бар. Учурда имараттын ички түзүмү бузулуп, бир катар бөлмөлөр жараксыз абалга келген.

Мурда Нарын жана Ысык-Көл облустары бириккен мезгилде объекттеги инвентарлар Балыкчы шаарына көчүрүлүп кеткен. Натыйжада объект узак убакыттан бери пайдаланылбай келген.

Мындан тышкары окуңуз

Эт эмнеге  кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Эт эмнеге кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору экенин айтты. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетерин жана бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады. "Этти

ЖИОБ 2025-жылы 19,5 миң адамды сыртка чыгарган

ЖИОБ 2025-жылы 19,5 миң адамды сыртка чыгарган

2025-жылы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу 5,5 миң жаран чыгып кеткен, дагы 19,5 миңи — жеке ишке орноштуруу агенттиктери (ЖИОА) аркылуу кеткенин "Биринчи радио" эфиринде аталган борбордун эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылы жалпы 170

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусундагы жыйын.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун жаңы долбоору ишке кирет

МинКаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев экспортту өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жолугушуунун негизги максаты өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу жана ата мекендик бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгуу болду. Талкуунун негизги темаларынын бири экспорттоочулардын транспорттук жана логистикалык чыгымдарын жарым-жартылай компенсациялоо боюнча пилоттук долбоорду

Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркына баруучу жолдогу оңдоо иштери.

Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркына барчу жол асфальталат

Эгемендүүлүк күнүнө карата Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркына баруучу унаа жолго асфальт төшөлөрүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Министрдин маалыматына ылайык, асфальттоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. "Жыл сайын миңдеген туристтер барган Беш-Таш жаратылыш паркына жетүүчү жолду оңдоо жана асфальт төшөө маселеси көп