Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот
Ош шаарындагы эски, сүрдүрүлгөн мүрзөнүн ордуна 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылганын шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн.
Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди:
“Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Биз мындай мыйзамсыз иштерди өз убагында токтоттук. Анткени көрүстөндүн үстүнө көп кабаттуу турак жай курууга мыйзам жол бербейт. Азыр бул жерди мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирип, жашыл зонага айландырып жатабыз”, — деди мэр.
Жаңы жашыл аймак Ош шаарындагы Эргеш Алиев көчөсүндө жайгашкан эски Хохлов көрүстөнүнүн ордуна түшөт. Жалпы аянты 4 гектардан ашуун. Долбоордун негизги максаты - шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү.
Ошто жалпы сегиз эски мүрзө сүрдүрүлгөн.