Оштогу үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом белек берилди

Оштогу үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом белек берилди

Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун тургуну Мавлюда Бердигулованын үй-бүлөсүнө барып, 20-февралда төрөлгөн үч эм ымыркайларына байланыштуу акчалай жардам — 100 миң сом тапшырды.

Белгиленгендей, жаңы төрөлгөн кыздарга Айша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар ыйгарылган.

Учурда эненин жана балдардын абалы жакшы деп бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 220–269.9-чакырымдарында жол жээктерин кырып-сүрүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо жана бузулган тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкек шаарында тургундарга жана инфраструктурага кооптуу болгон куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык бутоо жана алып салуу иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул аймакта буга чейин жашыл көчөттөр жаңыланып, эски дарактардын ордуна бийиктиги 4 метрге чейин жеткен карагай (ольха) көчөттөрү отургузулган. Мындай иштер экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн көркүн арттырууга жана

Өзбекстанда келечекте жылына 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын берчү АЭС курулуп баштады

Өзбекстанда келечекте жылына 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын берчү АЭС курулуп баштады

Өзбекстандын Жизак облусунда келечектеги атом электр станциясынын (АЭС) курулуш аянтчасында алгачкы бетон иштери башталды. 24-мартта куруучулар РИТМ-200Н аттуу аз кубаттуу реактордун имаратынын пайдубалын куюуну башташты деп билдирет Podrobno.uz. Учурдагы этапта болжол менен 900 куб метр көлөмүндө бетон даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Адистер реактор имаратынын фундаментине негиз түзүп, анын гидроизоляциясын жана

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяда эмгек келишими үч жылга түзүлөт жана аны беш жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, талапкерлер үчүн тандоо төмөнкүдөй тартипте жүрөт: * Талапкерлер милдеттүү түрдө корей тили боюнча тест