Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары бардык багыттарда жигердүү кызматташып жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маанилүү экенин айтты. Ал Жогорку Кеңеште Корея менен кызматташуу боюнча 22 депутаттан турган достук тобу түзүлгөнүн кошумчалады.
Ошондой эле тараптар эл аралык аянтчалардагы кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана экология, климат маселелери боюнча тажрыйба алмашуу тууралуу пикир алышты.
Өз кезегинде Ким Сок Ги Кыргызстанга болгон сапар парламенттер аралык алакаларды бекемдөөгө багытталганын белгилеп, эки өлкө 1992-жылдан бери тыгыз кызматташып келе жатканын айтты. Ал түз аба каттамынын ачылышы байланыштарды арттырып жатканын жана туризм тармагында да кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууга бир катар депутаттар жана тиешелүү комитеттердин өкүлдөрү катышты.


