ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет
Жогорку Кеңеште "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматты Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нуржамал Төрөбекова тааныштырды.
Мыйзам долбоору анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Талкуу учурунда депутаттар чек арага жакын аймактарды ата мекендик телеканалдар менен камсыздоо маселесин көтөрүштү. Ошондой эле онлайн платформалардагы шектүү жарнамаларды чектөө жана мамлекеттик телеканалдар аркылуу улуттук баалуулуктарды көбүрөөк жайылтуу сунушталды.