Кыргызстанда балык уулоо эрежелери бекитилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна ылайык, “Өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого уруксат берилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги жана эрежелери” бекитилди.
Аталган эрежеге ылайык:
• Балыктын чектелген жана чектелбеген баалуу түрлөрүн уулоого балык уулоо карточкалары жана балык уулоо билеттеринин колдонуу мөөнөтү 1, 2 же 3 күндү түзөт;
• Тиешелүү күбөлүгү бар төмөнкү жарандарга акысыз балык уулоого уруксат:
- I, II жана III топтогу майыптарга;
- Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан;
- 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө чоң адамдын коштоосунда.
Аталган жарандар үчүн суткалык балык кармоонун чеги 2,5 килограммдан ашпаган өлчөмдө белгиленет.