Садыр Жапаров ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды

Садыр Жапаров ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларды көрүп чыкты. Белгилүү болгондой, заводдун негизги багыттарынын бири деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө ишкананы мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров заманбап технологияларды активдүү киргизүүнүн жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу тапшырмасын берди.

Бул демилге өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган.
Маалымат үчүн: “Дастан” ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенген көп тармактуу ишкана болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда “Жерүй” чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталганын “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын катышуусунда ишке ашырууда. “Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрө

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагына берилген жеңилдиктердин натыйжасында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин баалуу металлдар тармагы Финансы министрлигинин курамында болгон. Кийин тармак Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилип, аны өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер коюлган. “Кыргызстанда зергерчилик үчүн керектүү

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы убактылуу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө “Цинмин” күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылууда. Ага ылайык, кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн тартып иштебей калат. Өткөрмө пункттары 6-апрелде кайрадан

КФБ алтындын экинчи рыногун өнүктүрүүнү көздөйт

КФБ алтындын экинчи рыногун өнүктүрүүнү көздөйт

Арслан Кененбаев 3-апрелде Кыргыз фондулук биржасында алтын менен сооданын башталышында алтын инвестициялык портфелде маанилүү орунду ээлеши керек экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы 20 жылда алтындын баасы болжол менен 20 эсеге өсүп, доллардан да озуп кеткен. "Азыр дүйнөдө геосаясий туруксуздук күчөп жатат. Ошондуктан ар бир инвестициялык портфелде баалуу кагаздар менен