Бир жылда 90 актоо өкүмү чыгарылды, прокурорлор 5 иш боюнча айыптоодон баш тартты
Кыргызстанда 2025-жылы 90 адамга карата 70 кылмыш иши боюнча актоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киргенин Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат.
Бул көрсөткүч каралган иштердин жалпы санынын 0,5%ын түзөт.
Прокурорлор 8 адамга карата 5 кылмыш иши боюнча айыптоодон баш тартышты.
Ошондой эле прокурорлор мыйзамсыз жана негизсиз сот актыларына каршы 664 сунуштама киргизишкен. Алардын ичинен 364ү же 56,3%ы канааттандырылган, ал эми 282си канааттандырылган эмес.
Башкы прокуратура белгилегендей, сот чечимдерин жокко чыгаруунун негизги себептери болуп жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн өзгөрүшү, жаңы далилдердин пайда болушу, ошондой эле соттор тарабынан кылмыш-жаза мыйзамдарын ар кандай түшүндүрүү саналат.