Садыр Жапаров аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду
КРнын Президенти Садыр Жапаров Жарандык кодекске жана Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документ аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө, алардын укуктарын өз алдынча коргоого катышуусун кеңейтүүгө жана аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, айрым учурларда аракетке жөндөмсүз жарандар белгилүү бир бүтүмдөрдү өз алдынча жасоого укук алышат. Ошондой эле алар тарабынан түзүлгөн айрым келишимдер жараксыз деп табылбайт. Мыйзам камкорчулардын ыйгарым укуктарын тактап, аракетке жөндөмсүз жарандарга өздөрү же өкүлдөрү аркылуу сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, соттор мындай жарандарды ишке түздөн-түз тартууга укуктуу болот.
Ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча иштер өзгөчө өндүрүштөгү иштердин тизмесине киргизилип, сотко кайрылууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилди.
Бул мыйзам жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин жакшыртып, соттук процесстердин жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.