КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү
Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди.
Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген ар бир кайрылуу каттоого алынып, тийиштүү мониторингден өткөрүлүп турат. Ал эми кайрылуулардын көбөйүү себебин адис азыркы учурдагы санариптешүү саясаты менен байланыштырат.

““Түндүк” аркылуу санариптик ыкманын негизинде кайрылуулар көп келип жатат. Ошолорду анализдеп олтуруп, биз өтө кызыктуу деталды аныктадык. Көбүнчө кайрылуулар түнкү саат 3-4тө, таңга маалда жазылат экен. Алардын көбү 1 сүйлөмдөн турган - Президенттин атына жазылган маселелер. Мисалы “менин үйүм жок эле, үй берип коесузбу?”; “кредит алдым эле, ошону төлөп бериңизчи”, “Мал алайын десем акча жок. Берип коесузбу” ж.б. – дейт, Жайылбек Дадиев.
Адистин баамында, кайрылган маселенин көбү каржылоого, турак жай маселесине жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу. Ушундан улам "Президент турак жай берет" же "кредитти төлөп салат" - деген элдин түшүнүгү “адашуу” экенин, инспектор баса белгиледи.
“Насыя алуунун жеңилдигине жараша жарандар телефон аркылуу 200-300 миңден насыя алып, төлөй албай калышып, “төлөй албай калдым, эми төлөп берип койгула” – деп, Президентке кайрылат. Ошондуктан айтат элем, ар ким насыя алып жатканда төлөө кепилдигин бердиби, демек өзү төлөөгө милдеттүү. Президент сиздин насыяңызды төлөп бербейт” – деп, белгиледи Дадиев.
Бир саатка эсептелген түз эфирдин жүрүшүндө угармандардан 22 кайрылуу катталып, баарына адис жооп берүүгө үлгүрдү. Анын айтымында, маанисиз жана түшүнүксүз кайрылуулардын негизинде мамлекет башчыга келген кайрылуу, арыз-даттануу же сунуштардын саны көбөйүүдө.