BAKAI премиалдык Visa Infinite Diamond картасын чыгаруу акысын төмөндөттү - эми жеткиликтүү

BAKAI премиалдык Visa Infinite Diamond картасын чыгаруу акысын төмөндөттү - эми жеткиликтүү

BAKAI премиалдык Visa Infinite Diamond картасын чыгаруу акысын төмөндөтүп жатканын жарыялайт. Муну менен банктын эң жогорку деңгээлдеги продуктуларынын бири кардарлар үчүн мурдагыдан да жеткиликтүү болууда. Ошол эле учурда жылдык тейлөө шарттары өзгөрүүсүз калат - карта ээлери үчүн кызмат көрсөтүүнүн жогорку деңгээли жана бардык артыкчылыктар сакталат.

BAKAIдан Visa Infinite Diamond картасы - бул жөн гана төлөм каражаты эмес, кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана премиалдык сервисти бириктирген өзгөчө продукт.

 Карта ээлери төмөнкү артыкчылыктарды алышат:

•       саякат учурунда 2 500 000 АКШ долларына чейин камсыздандыруу (5 адамга чейинки үй-бүлө үчүн)
•       дүйнө боюнча 1200дөн ашык DragonPass бизнес-залдарына жеткиликтүүлүк (жылына 6 акысыз кирүү)
•       "Манас" аэропортунун VIP-залы - жылына 6 жолу кирүү
•       Fast Track - Европа жана Жакынкы Чыгыштагы аэропорттордо көзөмөлдөн кезексиз өтүү
•       жеке менеджер жана 24/7 консьерж кызматы
•       дүйнөнүн 127 өлкөсүндө интернет-роуминг
•       өнөктөштөрдөн дүйнө жүзү боюнча арзандатуулар жана атайын сунуштар
•       банктык жана финансылык мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде эсептерди тейлөө жана которуулар үчүн өзгөчө шарттар 

Чектелген сунуш

Учурда Visa Infinite Diamond карталарынын саны чектелүү.

Эскерте кетсек, картаны чыгаруу акысы гана өзгөрөт.
Жылдык тейлөө акысы өзгөрүүсүз калып, банктын учурдагы тарифтерине ылайык сакталат.

Картаны чыгаруу акысынын төмөндөшү Visa Infinite Diamond картасын ыңгайлуулукту, коопсуздукту жана жогорку деңгээлдеги сервисти баалаган кардарлар үчүн дагы да жагымдуу кылат.

BAKAI премиалдык продуктуларды өнүктүрүүнү улантып, кардарларга эл аралык деңгээлдеги тейлөөгө жана күнүмдүк жашоодо, ошондой эле саякатта өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media