КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 жаңы орто мектептин курулушу башталды. Бул маанилүү ишчарага жергиликтүү эл, башкаруу бийлигинин өкүлдөр жана Президент Садыр Жапаровдун катышышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Белгилүү болгондой, 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулса, мындан тышкары дагы 5 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат. Жалпысынан 15 мектеп ишке берилсе, окуучулардын орун тартыштыгы 20–22%га жабылмакчы.

Ишчарага келген коноктордун алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы бул долбоор билим берүү тармагындагы маанилүү кадам экенин белгиледи:

“Бүгүнкү күндө Ош шаарында мамлекеттик 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алып жатат. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептердин сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун гана окуучуга эсептелген. Бул – иш жүзүндө мектептер 2 эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын көрсөтөт. Бул 10 мектептин курулушу Ош шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул кадамдар билим берүү системасындагы көп жылдык топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнүн реалдуу жана натыйжалуу башаты болуп саналат” - деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, жаңы мектептер шаардагы орун тартыштыгын азайтып, үч нөөмөттүү окууну кыскартууга жана билим сапатын жогорулатууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жасалма акча жасоого шектелгендер кармалды

Жасалма акча жасоого шектелгендер кармалды

Трансулуттук кылмыштуу топтун жасалма акча жасоо жана аны сатуу менен алектенген ишмердүүлүгү токтотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бир нече мамлекеттин аймагында жогорку сапаттагы жасалма акчалар даярдалып, андан соң кеңири тармакталган сатуу каналдары аркылуу жайылтылып келген. Контролдук сатып алуу учурунда Ю. М. Ю. жана Т.

Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат

Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат

Баткен облусунун узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы Баткен шаарын куруу демилгеси тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бул багытта Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ортосунда экологиялык шаардын башкы

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 2026-жылы 8,9%, ал эми 2027-жылы 8,4% болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” (Asian Development Outlook 2026) отчётунда айтылды. АӨБдүн маалыматына ылайык, өлкө экономикасы жакынкы жылдары бир аз жайлаганы менен, жогорку өсүш темпин сактап калат. Буга чейинки жылдары

Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт

Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт

Кыргызстан аймактарында 2026-жылдын жазгы себүү кампаниясына даярдык алкагында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпа) үрөнү менен камсыздоо дээрлик толук камсыздалганын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. Жалпы республика боюнча үрөнгө болгон муктаждык 66,6 миң тоннаны түзсө, бүгүнкү күндө 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2%