АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 2026-жылы 8,9%, ал эми 2027-жылы 8,4% болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” (Asian Development Outlook 2026) отчётунда айтылды.

АӨБдүн маалыматына ылайык, өлкө экономикасы жакынкы жылдары бир аз жайлаганы менен, жогорку өсүш темпин сактап калат. Буга чейинки жылдары көрсөткүчтөр андан да жогору болгон: 2024-жылы өсүш 11,5%, ал эми 2025-жылы 11,1% деңгээлинде бааланууда.

Отчётто белгиленгендей, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы — ички суроо-талап. Ошол эле учурда курулуш жана соода тармактарындагы активдүүлүк акырындап нормалдашат, бул экономиканын туруктуу нукка түшүшүнө шарт түзөт.

АӨБ бул тенденциялар аймактагы жалпы экономикалык динамикага шайкеш келип, экономика эрте турукташуу баскычына өтүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media