Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат

Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат

Баткен облусунун узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы Баткен шаарын куруу демилгеси тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул багытта Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ортосунда экологиялык шаардын башкы планынын концепциясын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн.

Министрликтин адистери шаардын концепциясын облус жетекчилигине тааныштырды. Талкуу учурунда шаар куруу пландоосу боюнча адистердин маалыматы угулду.

Белгилүү болгондой, шаар 760 гектар аянтка курулат. Анын ичинен 120 гектар борбордук зона болуп аныкталып, анда административдик имараттар жайгаштырылат.
Ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, диний жана башка социалдык объекттер, спорт аянтчалары, эс алуу парктары, автовокзал, мейманкана, базар жана өнөр жай зоналары, ошондой эле турак жай кварталдары каралган.

Жыйынга Мамыржан Рахимов, анын орун басарлары, шаар жана район жетекчилери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Башкы планга Мамыржан Рахимов тарабынан шаарды жылуулук менен камсыздоо системасы, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана электр энергиясын камсыздоо үчүн подстанция куруу боюнча сунуштар кошулат. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдардын административдик имараттарды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча кайрылууларына байланыштуу кошумча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Жетекчилик тарабынан концепция оң бааланды. Адистер документ ушул жылдын үчүнчү кварталынын аягына чейин сунуштар эске алынып толукталып, кайра иштелип чыгарын билдиришти.

Белгиленгендей, жаңы шаар Бужум айылынун чыгыш тарабында, Суу-Башы айыл аймагында 760 гектар аянтта курулат. Буга чейин Министрлер кабинети тарабынан жаңы шаар куруу үчүн 760 гектар жерди трансформациялоо тууралуу токтом кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү сунушталып жатканын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Ысабековдун айтымында, азыр такси жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөй механизми иштеп жатат. Эми ушул

Ишкер Media
Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media