Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт
Бишкек шаарындагы Осмон-Ата турак жай массиви аймагында Чыгыш айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу бузула турган 12 үйдүн ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынганын 10-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жер тилкелери боюнча ээлерине тең баалуу жер берүү же мыйзамда каралган башка альтернативалуу варианттарды сунуштоо максатында алмашуу жүргүзүлөт.
Чыгыш айланып өтүүчү жолдун болжолдуу узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында мамлекеттик өнөктөш жалпы аянты болжол менен 79,8 гектар жерди бөлүп берет. Анын ичинен:
- 64,8 гектары түздөн-түз жол курууга,
- 15 гектары төлөм алуу пункттары жана тиешелүү инфраструктура үчүн каралган.


Жаңы жолду учурдагы жол тармагы менен туташтыруу үчүн кошумча жол тилкелери курулат.
Долбоор төрт негизги магистралдык көчөнү камтыйт:
- Сухэ-Батор менен Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго чейин;
- Жукеев-Пудовкин — Аалы Токомбаев көчөлөрүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейин;
- Путепроводная (Лев Толстой) — Ауэзов көчөлөрүнөн жаңы жолго чейин;
- Ахунбаев — Ауэзов көчөлөрүОснөн жаңы жолго чейин.