Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетет. Негизги керектөөчүлөр катары "Таза суу" долбоорунун алкагындагы объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.
Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири түрүн чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап жабдуулар орнотулган.
Белгиленгендей, 2025-жылдын январынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык продукция өндүрүлүп, сатылган, ошондой эле 100 млн сомго жакын салык төлөнгөн.
Мамлекет башчысы өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды. Ал ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоонун зарылдыгын айтты.





