Кыргызстанда чет элдик инвестициялар 9,2%дан 1,8%га чейин кыскарды — АӨБ

Кыргызстанда чет элдик инвестициялар 9,2%дан 1,8%га чейин кыскарды — АӨБ

Кыргызстанда жеке инвестицияларды тартуу үчүн кошумча жана терең реформалар зарыл. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётуна арналган брифингде билдирди.

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) маалыматына ылайык, өлкөдө банктарда ири көлөмдөгү каражаттар топтолуп турганы менен, бул ресурстар реалдуу секторго жетпей жатат.

Тактап айтканда, банктардагы ликвиддүүлүк жогору бойдон калууда, бирок насыялар негизинен керектөө багытына берилүүдө. Өндүрүш жана инвестициялык долбоорлорго багытталган каржылоо жетишсиз.

Мындан тышкары, түз чет элдик инвестициялар кескин кыскарган. Алардын көлөмү ички дүң продукцияга карата 9,2%дан 1,8%га чейин төмөндөгөн.

АӨБ бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар реформаларды сунуштайт. Атап айтканда,

• банк системасындагы ашыкча каражаттарды өндүрүш тармагына багыттоо;
• инвестициялык климатты жакшыртуу;
• чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.

Ошондой эле, көмүскө экономиканы кыскартуу, пенсиялык фонддордун каражаттарын инвестицияга багыттоо жана акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу сунушталат.

Белгиленгендей, акыркы жылдары Кыргызстанда инфраструктураны өнүктүрүү, бизнести жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү жана өнөр жай саясатын колдоо багытында реформалар башталган. Бирок жеке сектордун өсүшүн камсыз кылуу үчүн бул чараларды мындан ары тереңдетүү зарыл, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйыл жолду толугу менен асфальттоо мерчемделген. Учурда №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, жолдун 4

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кемин шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалып, ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышкан. Белгиленгендей, демилге жүзөгө ашкандан кийин калаанын борбордук көчөлөрүнүн

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече