Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады
Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.
Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи.
Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан ашып, мамлекеттик бюджет 1,1 трлн сомдутүздү. Бул көрсөткүчтөр көмүскө экономиканы кыскартуу, тармактарды тартипке келтирүү жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу аркылуу жетишилген.
Ошондой эле жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу башкы багыт бойдон каларын белгилеп, эмгек акылар, пенсиялар жана социалдык төлөмдөр этап-этабы менен көбөйтүлүп жатканын айтты.
Президент Ош шаарынын өнүгүүсүнө да өзүнчө токтолду. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы шаардын бюджети 3,4 млрд сом болуп бекитилип, жыл ичинде кошумча 6,3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылга бюджет 5,2 млрд сом деңгээлинде аныкталган.
Мындан тышкары, капиталдык салымдар боюнча 2025-жылы 598,4 млн сом, ал эми 2026-жылга 683,5 млн сомкаралып, курулуш иштерин улантууга багытталган.
Садыр Жапаров өлкөдө индустриялаштыруу саясаты жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жыл сайын 100гө жакын өнөр жай ишканасы ишке берилип жатканын айтты. Бул алкакта Ош облусунда 34 ишкана ачылып, 1700гө жакын жумуш орду түзүлгөн.
Ошондой эле быйыл өлкө боюнча дагы 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош облусунда 18 объект ишке берилери күтүлүүдө.
Жолугушуунун соңунда Президент шаарда билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жай жана инфраструктура тармактарында реформалар улантыларын белгиледи. Иш-чара суроо-жооп форматында уланды.


