Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт
Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу бир катар чаралар көрүлүүдө.
Биздин ден соолук сакчыларыбызга мындан ары дагы тиешелүү шарттарды түзүү жаатында иштерди улантабыз”, — деди өлкө башчысы.