Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди
Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.
Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.



Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу мүчүлүштүктөрү соңку бир айда аныкталып жатканын кошумчалады:
“Азыркы учурга чейин 700дөй үйдүн маселесин Жанар мырза айтып жатат. Анын баарын ордуна келтиребиз. Ал эми бийликтин кемчилиги. Менин да кемчилигим десем болот. Ишенип мэр кылып койсом ушундай туура эмес иштерди жасаптыр”, - деди Жапаров.