Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт
Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды.
Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын айтымында, айылда географиялык шарттарга байланыштуу дыйканчылык мүмкүн эмес, бирок топоз багуу сыяктуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө шарт бар.
Тургунду уккандан кийин президент Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен айыл чарба насыяларынын учурдагы пайыздык чени тууралуу сурады.
Акунбеков билдиргендей, насыялар 6% менен берилчү, бирок президенттин колдоосунан кийин 3% менен бериле баштады. Бул максатта 500 млн сом бөлүнгөн.
Президент фермерлер жана дыйкандар үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды.