Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести.
Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган.
Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап, калкты сапаттуу тейлөөгө чакырды.
"Эгерде тынчтык жана туруктуулук болсо, биз дагы көптөгөн ушундай объектилерди курабыз, жолдор оңдолот. Эң негизгиси — тынчтык, ошондо баары жакшы болот", — деди президент.
Белгилей кетсек, өткөн жума күндөн бери мамлекет башчысы Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында ал бир катар социалдык объектилерди ачып, жергиликтүү тургундар менен түз форматта жолугушууларды өткөрүүдө.