УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз.
Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматтын жетекчисинин бардык орун басарлары, анын ичинде Даниэл Рысалиев да жумуштан алынган.