Аскат Алагөзов: Президенттин бир гана коомдук башталгычтагы кеңешчиси бар

Аскат Алагөзов: Президенттин бир гана коомдук башталгычтагы кеңешчиси бар

“Президенттин коомдук кеңешчиси” жана “Президенттин коомдук жардамчысы” деген кызматта учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок. Бул тууралуу президеттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Бул билдирүү акыркы убакта айрымдардын тигил же бул адамды “Президенттин коомдук кеңешчиси же Президенттин коомдук жардамчысы” деп атап жаткандыгына байланыштуу. 

Эске салсам, Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи). 

Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча).

Мындан тышкары окуңуз

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media