Садыр Жапаров менен Ирандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров менен Ирандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү

26-майда, Иран тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчылары келе жаткан ыйык Курман айт майрамынын алдында бири-бирин куттукташып, Кыргызстан жана Иран элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашылды. 

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуучу өлкө катары Уюмдун тынчтыкты, ишенимди жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин айтты.

Тараптар Кыргызстанда өтө турган алдыдагы ШКУ саммитинин өзгөчө маанисине токтолуп, аны жогорку уюштуруучулук жана мазмундук деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. 

Аймактык күн тартибине токтолгон Президент Садыр Жапаров диалогду улантуунун жана келип чыккан бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарап жаралган кырдаалдын тез арада жөнгө салынышына жана Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун калыбына келтирилишине үмүт артарын билдирди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media