Садыр Жапаров Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды

Садыр Жапаров Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 27-майда, Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин Төрайымы Шэнь Юэюэни кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытай бекем достук, ынак коңшулук жана жемиштүү кызматташтык мамилелерин курганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдардагы олуттуу жетишкендиктерге токтолуп, анын ичинде "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушун жана кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышын, ошондой эле башка ири инфраструктуралык долбоорлорду атап өттү.

Президент ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктын өнүгүшүнө көңүл бурду. Ал кытайлык дарыгерлерге “Экспресс саламаттык” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул долбоордун алкагында акыркы үч жыл ичинде кытайлык адистер Кыргызстандагы 1000ден ашуун бейтапка катарактаны алып салуу жана глаукоманы дарылоо боюнча акысыз операцияларды жасашкан.

Өз кезегинде Кытай Элдик саясий консультативдик кеңешинин 14-чакырылышынын Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери боюнча кеңири пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, конструктивдүү диалогду тереңдетүүгө болгон эки тараптын кызыкчылыгын ырастады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media