Садыр Жапаров Евразия экономикалык форумунун ишине катышты

Садыр Жапаров Евразия экономикалык форумунун ишине катышты

Астана шаарында V Евразия экономикалык форумунун катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, конгресс-борбордун имаратында Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алды.

Ошондой эле иш-чарага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян келишти.
Мындан тышкары форумга Кубанын Вице-президенти Сальвадор Меса, Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен иштетүү жана соода министри Сейед Атабак, Вьетнамдын Вице-премьер-министри Хо Куок Зунг, Монголиянын Вице-премьер-министри Нямтайширын Номтойбаяр жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди катышты.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин катышуучулар Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынын өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Белгилей кетсек, V Евразия экономикалык форуму “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо”деген теманын алдында өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын