Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышууда

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров 29-майда, Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров сөзүнүн башында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана казак элин конституциялык реформанын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө атаандаштык технологияларга жетүү үчүн гана эмес, аларды киргизүү ылдамдыгы, инновацияларды кеңейтүү жана экономиканын реалдуу секторунда натыйжалуу колдонуу жөндөмдүүлүгү үчүн да жүрүп жатканын баса белгиледи. 

Президент ЕАЭБ жалпы рынок мейкиндиги гана болбостон, технологиялык өнөктөштүктүн, биргелешкен инновациялардын жана жаңы өсүү чекиттерин түзүүнүн платформасына айлануу үчүн жетиштүү потенциалга ээ экенине ишеним билдирди.

“Жасалма интеллектти биргелешип өнүктүрүү Биримдиктин технологиялык прогрессине кубаттуу түрткү берет деп ишенебиз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле ЕАЭБдин алкагында жаңы соода келишимдерин активдүү түзүү өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.

"Макулдашуулардын алкагындагы келишимдер кагаз бетинде гана калбастан, иш жүзүнө ашып, жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, товар жүгүртүүнү ылдамдатуу жана рынокторду бири-бирине жеткиликтүү кылуусу абдан маанилүү”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы рынокторду либералдаштыруу ички өндүрүүчүлөрдүн алсызданышына алып келбеши керектигин баса белгиледи.

“Ар бир өнөр жай долбоору – бул жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өлкөлөрүбүздүн экономикаларынын ортосундагы байланыштарды реалдуу чыңдоо. Бул чачырандылыктан бирдиктүү өнөр жай мейкиндигине карай жылыш”, - деп баса белгиледи Президент. 

Садыр Жапаров ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы илимий-технологиялык өнүгүүнүн жана илимий кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду.

“Кыргыз Республикасы илимий-техникалык кызматташтыкка жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүүгө өзгөчө маани берет”, - деди Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү жаңы атаандаштык артыкчылыктары эми өзүнчө бир технологиялардын айланасында эмес, аларды комплекстүү колдонуу аркылуу калыптана турганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media