Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президенти Садыр Жапаровдун 28-29-майда Астана шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин делегация башчылары, байкоочулар жана ардактуу коноктор менен бирге V Евразия экономикалык форумунун ишине катышты.

Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөп, жасалма интеллект мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы болуп баратканын баса белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстандын жасалма интеллектти фискалдык жана башка системаларга киргизүү жаатындагы жетишкендиктери белгиленди.

29-майда Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Президент өз сөзүндө ЕАЭБ жалпы рынок мейкиндиги гана болбостон, технологиялык өнөктөштүктүн, биргелешкен инновациялардын жана өсүштүн жаңы чекиттерин түзүүнүн платформасы айлануу үчүн зарыл болгон дараметке ээ экенине ишеним билдирди.

Катышуучулар бир катар документтерге кол коюшту.

Иш сапар аяктаган соң Президент Садыр Жапаров 29-майда Бишкекке кайтып келди.    

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми