Эмгек акыны индексациялоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

Эмгек акыны индексациялоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кенештин депутаттары Гүлнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова, Талайбек Масабиров тарабынан демилгеленген. 

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Гүлнара Акимбаеванын айтымында, мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыкты. 

Мыйзам долбоордун негизги милдети менчиктин түрүнө карабастан, уюмдарда эмгек акыны индексациялоого бирдиктүү укуктук ыкмаларды белгилөө болуп саналат. 

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясын колдой тургандыгын айтып, жеке уюмдарда эмгек акыны индексациялоонун төмөнкү деңгээли мамлекет тарабынан бекитилген көлөмдөн төмөн болбош керек деген эреже киргизүүнү сунуштады. 
Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева эң төмөн айлык төлөнгөн тармактарда көпчүлүк учурда аялдар эмгектенерин жүйө келтирип, жеке уюмдарда жамааттык келишим жок болгон учурда Министрлер кабинети аныктайт деген ченем киргизүү керектигин кошумчалады.

Ал эми Умбеталы Кыдыралиев сунушталып жаткан кодекс менен мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү эл аралык төлөмдөрдүн көлөмүнө кызыкты. 

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media