Тынчтык Шайназаров кайрадан БШКны жетектемей болду

Тынчтык Шайназаров кайрадан БШКны жетектемей болду

3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Бөдөш Мамырова ачты.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы 8 мүчөдөн турат.
Ошондой эле аталган конституциялык мыйзамга ылайык, биринчи жыйналышта төрага жана анын орун басарлары шайлоо тартибинде тандалат.

БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Тынчтык Шайназаров 8 добуш менен Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.

Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова Лейла бир добуштан Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI жаңы Mastercard карталарын, Mastercard Gold жана премиалдык Mastercard World Elite картасын ишке киргизет. Карталар кыргыз сому (KGS) жана евро (EUR) валюталарында жеткиликтүү болуп, кардарларга күнүмдүк төлөмдөр, эл аралык сатып алуулар жана дүйнө жүзү боюнча саякаттар үчүн ыңгайлуу чечимди сунуштайт. Mastercard World Elite – премиалдык деңгээлдеги комфорт Mastercard World Elite жогорку

Данияр Калматов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Данияр Калматов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Данияр Калматов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин алдындагы Бухара технологиялык институтун инженер-технолог адистиги боюнча, ал эми 1999-жылы Москва мамлекеттик социалдык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Акыркы жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору кызматын аркалап

"BAKAI & Шоро менен жай": сүйүктүү суусундуктарыңды сатып ал да, жүздөгөн белектерге ээ бол!

"BAKAI & Шоро менен жай": сүйүктүү суусундуктарыңды сатып ал да, жүздөгөн белектерге ээ бол!

BAKAI Шоро менен бирге 2026-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин өтө турган "Жай мезгили BAKAI & Шоро менен" аттуу масштабдуу жайкы акцияны кайрадан баштайт. Эми сүйүктүү куюп берилүүчү суусундуктар чаңкооңузду гана кандырбастан, iPhone 17 Pro Max, 4 AirPods, Dyson фен-стайлери жана жүздөгөн башка белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Акцияга катышуу

Баңгизат таркатуу менен алектенген чет өлкөлүктөр кармалды

Баңгизат таркатуу менен алектенген чет өлкөлүктөр кармалды

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү бангизаттарды аткезчилик жолу менен Кыргызстандын аймагы аркылуу Казакстан Республикасына таркатуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин жана Казакстандын укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Шымкент шаарында 4кг 920гр