Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына маалымдалды.

Мыйзам Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу, институттук потенциалын бекемдөө жана мамлекеттин тышкы саясий ишинин заманбап талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн анын чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында багытталган. 

Мыйзамда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган: 

– консулдук устав өлкө башчысы тарабынан бекитилет;

– мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү тартиби мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат;

– дипломатиялык кызмат органдарынын негизги функцияларын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү тууралуу жоболор менен толуктоо;

– Кыргыз Республикасынын башкы консулдары Өлкө башчысы менен макулдашуу боюнча Тышкы иштер министринин чечими менен дайындалат;

– дипломатиялык рангынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү;

– дипломатиялык кызматтын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, жазык жана башка жоопкерчиликтерди белгилөө;

– Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси институтун киргизүү. Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисинин ишин уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Президентинин өзүнчө чечими менен аныкталат;

– Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарына Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча дипломатиялык кызмат органдарында, Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жалпысынан 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат. 

Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коомдук же экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындоо үчүн Президентке сунуштама киргизет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media