Кыргызстан менен Беларусь ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Беларусь ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосунда аталган өлкөнүн Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кол коюлган документтер:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндөгү Макулдашуу; 

Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндөгү Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин ортосунда үрөнчүлүк  чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

Айыл чарба жана азык-түлүк тармагында кызматташуу боюнча Биргелешкен Кыргыз-Белорус Комиссиянын алдындагы биринчи жыйынынын Протоколу;

Эл аралык электр техникалык комиссиясынын стандардизация жана метрология борбору менен "Беларус мамлекеттик стандардизация жана сертификация институту" илимий-өндүрүштүк республикалык унитардык ишканасынын ортосундагы стандартташтыруу, шайкештикти баалоо жана маалымат алмашуу боюнча Макулдашуу;

"Кыргыз почтасы" ААКсы менен "Белпочта" республикалык унитардык ишканасынын ортосундагы почта кызматтары жана электрондук коммерция чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө ниети жөнүндө Меморандум;

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Беларусь Республикасынын Витебск облустук аткаруу комитетинин ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз улуттук университетинин жана А.С. Пушкин атындагы Брест мамлекеттик университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен "Беларус мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү филармониясы" мекемесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;
"М.В.Фрунзе атындагы «Мемориалдык үй-музейи» менен «Улуу Ата Мекендик согуштун Беларус мамлекеттик тарых музейи» мекемесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү Макулдашуу;
Г.Айтиев атындагы «Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи» мекемеси менен «Беларусь Республикасынын Улуттук көркөм өнөр музейи» мекемесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз-Беларусь ишкердик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media