Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 5-июнда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүү жана “Борбор Азия – Европа Биримдиги” форматында аймактык кызматташууну чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи. 

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу жана Global Gateway демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду. 
Өз кезегинде Эдуардс Стипрайс Мамлекет башчысын Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул жетишкендик өлкөнүн жүргүзүп жаткан тышкы саясатына карата эл аралык коомчулуктун жогорку баасынын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен дипломатиялык кызматтарынын биргелешкен эмгегинин натыйжасынын далили экенидигин айтты. 
Ал өткөн жылы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы алакалар бир кыйла өнүккөнүн баса белгиледи. 

Эдуардс Стипрайс “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны Кыргызстандын ЕБ менен кызматташтыгынын флагмандык долбоорлорунун бири катары атады. Ал долбоорду ишке ашыруу чөлкөмдүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, регионалдык кооперацияны өнүктүрүүгө жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен энергетикалык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтты. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media