Айыл чарба министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Айыл чарба министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Асылбек Сатыбалдиев Суу ресуртары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Жаңы орун басарды министр Эрлист Акунбеков тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

А.Сатыбалдиев 1981-жылы Сокулук районунун Белек айылында туулган. 2003-жылы К.И.Скрябин атындагы агрардык университеттин агрардык өндүрүштун экономикасы жана башкаруусу факультетин бүтүргөн.

2025-жылдан 15-майынан тарта президенттик админстрациянын чечимдерди даярдоо бөлүмүндө адис болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, министрдин мурдагы орун басары Асел Кененбаева өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жаңы редакциядагы мыйзам жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган. Ошондой эле кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жаатындагы өз ара мамилелеринин укуктук

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мыктыбек Абдылдаев 72 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары ырасташты. Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстандын Башкы прокурору, Ички иштер министри, Президенттик администрациянын жетекчиси жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматтарында эмгектенген. 2010-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы

ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. ӨКМдин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында министр Кара-Суу районундагы Ош – Эркечтам унаа жолунун 7-чакырымында жайгашкан "Муян" каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыкты. Ал тиешелүү кызматтарга жумуштарды өз

Бишкектеги 17 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги 17 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө Матыев көчөсүнүн 21 жана 21/1 даректеринде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда курулуш нормаларынын жана коопсуздук талаптарынын бузулганы белгилүү болгон. Атап айтканда, объекттин дарбазасы башкы