Уранбек Шадыбеков УКМКнын орун басары кызматынан бошотулду

Уранбек Шадыбеков УКМКнын орун басары кызматынан бошотулду

Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргызстандын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Уранбек Шадыбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду. 

Эске салсак, Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден тарта УКМКда бир катар кызматтык орун алмашуулар жүргөн.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы – Каракол жолунда асфальт басуу иштери жигердүү жүрүүдө

Балыкчы – Каракол жолунда асфальт басуу иштери жигердүү жүрүүдө

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126,0 – 134,0 чакырым аралыгында оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде биринчи катмардагы асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады.  Сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун

Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине байланыштуу 816 кайрылуу түшкөн

Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине байланыштуу 816 кайрылуу түшкөн

Бишкек шаарында сот адилеттигин чыңдоо жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу маселелерине арналган кеңири талкуу өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө сот системасынын ачыктыгын камсыздоо, адам укуктарын коргоо жана соттук териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Акыйкатчы Жамиля

Нурдан Орунтаев "Алтай" шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Нурдан Орунтаев "Алтай" шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан "Алтай" шаарчасындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге долбоордун учурдагы абалы, инженердик даярдоо иштери жана курулуштун этаптары боюнча маалымат берилди. Нурдан Орунтаев курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана белгиленген графиктин аткарылышын

Кыргызстан үчүнчү ирет эл аралык Кагазсыз соода боюнча кеңешти жетектейт

Кыргызстан үчүнчү ирет эл аралык Кагазсыз соода боюнча кеңешти жетектейт

Кыргыз Республикасы үчүнчү жолу катары менен Азия-Тынч океан аймагында чек ара аркылуу кагазсыз соода жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча БУУнун ЭСКАТОсунун Алкактык макулдашуусунун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тиешелүү чечим 8-июнда Таиланд Падышалыгынын борбору Бангкок шаарында өткөн Кагазсыз соода боюнча кеңештин бешинчи